Баракелде! Алибек Осмонов Дүйнө чемпиондугунда коло медалга ээ болду

FS 65kg Alibek OSMONOV (KGZ)

Кыргызстандык Алибек Осмонов Норвегияда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду.

Ал беттештерин кечээ, 3-октябрда 65 килограммга чейинки салмакта баштаган. Осмонов 1/16 финалдык баскычтан баштап, Франция, Бразилия, Украинанын спортчуларын үч ирет катары менен утуп, жарым финалга чыккан.

Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште кыргызстандык ирандык спортчуга утулуп калган. 4-октябрда Осмонов польшалык спортчу менен коло медаль үчүн болгон беттеште кармашты. Кыргызстандык 4:1 эсебинде жеңип, коло медалга ээ болду. Бул медаль турнирде Кыргызстан үчүн биринчи болду.