Баракелде! Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу алгачкы атаандашын жеңди

Кыргызстандык боксчу Мунарбек Сейитбек уулу бүгүн Олимпиадада күч сынашып баштады.

Мунарбек Сейитбек уулу 57 килограммга чейинки салмак категориясында өзүнүн Олимпиададагы беттешин 1/8 финалдан баштады. Ал алгачкы атаандашы болгон кубалык боксчуну жеңип алды.

Үч раунддан турган беттештин жыйынтыгы боюнча калыстар жеңишти кыргызстандык спортчуга беришти.

Мунарбек Сейитбек уулу чейрек финалда америкалык спортчу менен кез келет. 1/4 финалдык беттеш 4-августка караган түнү өтөт.