Баракелде! Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыкты

Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимп оюндарынын алкагында бокс боюнча беттешин жеңип, жарым финалга чыкты.

Кыргызстандык спортчу 57 килограммга чейинки салмакта чейрек финалда Жамал Харви аттуу америкалык мушкерге кез келип, үч раунддун жыйынтыгы менен жеңүүчү аталды.

Эми анын медаль алууга мүмкүнчүлүгү бар. Кийинки беттеш 8-августта өтөт.