Баракелде! Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпиондугунда күмүш медалга ээ болду

FS 70kg - Ernazar AKMATALIEV (KGZ)

Кыргызстандык спортчу Эрназар Акматалиев Норвегияда өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынды. 

1/16 финалда Акматалиев Шри-Ланканын өкүлүн жеңип, кийинки раундда Армениянын балбанын 11:2 эсебинде жеңип алган. Чейрек финалда атаандашы болгон ирандык спортчуну жеңип, жарым финалга чыккан. Финалга чыгуу үчүн болгон күрөштө кыргызстандык орусиялык балбан менен кез келип, аны жеңип, финалга чыкты.

5-октябрда чечүүчү беттеште кыргызстандык килем үстүндө Польшанын атынан чыккан дагестандык балбан менен беттешти. Акматалиев 1:2 эсебинде утулуп, күмүш медалдын ээси болду.

Бул Кыргызстан үчүн экинчи медаль. Алибек Осмонов бир күн мурун коло медалга ээ болгон.