Баракелде! Жоламан Шаршенбеков — Азия чемпиону!

Кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков спорттук карьерасында биринчи жолу күрөш боюнча Азия чемпиондугунда алтын тагынды. Ал Монголияда өтүп жаткан турнирде грек-рим күрөшү боюнча 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.

Шаршенбеков Монголия менен Казакстандын спортчуларын жеңип финалга чыкты. Ал эми анын финалдык беттештеги атаандашы ирандык спортчу болду. Аны 4:0 эсебинде жеңди.