Баракелде! Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпиону болду

Жоламан Шаршенбеков Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда жеңишке жетти. Ал грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 60 килограммга чейинки салмак ченинде катышкан. Кыргызстандык 1/8 финалдан баштап, венгриялык балбанды жеңип, чейрек финалда америкалыктан күчтүүлүгүн көрсөттү. Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште Шаршенбеков казакстандык балбанды жеңип, финалга чыкты.

Алтын медаль үчүн болгон чечүүчү кармашта кыргызстандык Эдмонд Армен Назарян (Болгария) менен беттешип, аны жеңип, дүйнө чемпиону аталды.