Баракелде! Кыргызстандын курама командасы Палестинанын командасын жеңди

Бүгүн, 2-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча эл аралык турнир өттү. Аталган стадиондо Кыргызстан менен Палестинанын курама командасы кез келди.

Оюн 1:0 эсебинде — Кыргызстандын жеңиши менен аяктады. Кураманын дебютанты Азим Азаров оюндун биринчи бөлүгүнүн 25 мүнөтүндө эсеп санды ачкан. Экинчи бөлүктө оюнчулар эсеп санды өзгөртө алышкан жок.

7-сентябрда Кыргызстандын оюнчулары Бангладеш футболчулары менен беттешет.