Баракелде! Мырзаназар уулу Бекболот Дүйнө чемпиондугунда финалга чыкты (видео)

Кыргызстандык спортчу Мырзаназар уулу Бекболот Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында (U-23) Дүйнө чемпиондугунда финалга чыкты.

Ал жарым финалдык беттештеги атаандашын 10:0 эсебинде жеңип алды. Финалдык беттеш эртең, 6-ноябрда Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө башталат.