«Барселона» легендалары менен Азия легендаларынын беттеши башталды (видео)

Бүгүн, 30-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо «Барселона» легендалары менен «Азия Легендаларынын» беттеши башталды.

Алгач талаага беттештин калыстары андан соң, эки команданын оюнчулары чыгышты. Ал эми президент Садыр Жапаров эң акырында чыгып, сөз сүйлөп, кыргызстандыктарды эртеңки Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «55ке чыктым. Ылдамдык жайлайт экен. Суранган үчүн чыгып жатам», — деди өлкө башчысы. Беттеш Кыргызстандын гимни менен башталды.