«Барселона» легендаларына каршы кимдер ойнойт? Тизме

Бүгүн, 30-августта «Барселона» легендаларына каршы ойной турган «Азия Легендалары» футбол командасынын курамы белгилүү болду. Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, саат 20:00дө башталат. 

№1 тизмеде президент Садыр Жапаров турат. Барселонада Ривалдо, Калрес Пуйоль, Людовик Гиули жана башкалар бар.

«Азия Легендаларынын» курамы: 

Дарбазачылар:

— Закир Жалилов («Дордойдун» тренери, Кыргызстандын курамасынын мурдагы дарбазачысы)

— Давид Лория (Кыргызстандын курамасынын мурдагы дарбазачысы)

Коргоочулар:

— Талант Самсалиев (Кыргызстандын курамасынын мурдагы оюнчусу);

— Руслан Сыдыков (Кыргызстандын курамасынын мурдагы оюнчусу);

— Игорь Авдеев (Казакстандын курамасынын мурдагы оюнчусу);

— Башир Саид (БАЭ курамасынын мурдагы оюнчусу)

— Бахтиер Эшмуратов (Өзбекстандын курамасынын мурдагы оюнчусу)

— Самат Смаков (Казакстандын курамасынын мурдагы оюнчусу)

Жарым коргоочулар:

— Андрей Карпович (Казакстандын курамасынын мурдагы оюнчусу)

— Сервер Жапаров (Өзбекстандын курамасынын мурдагы оюнчусу)

— Валерий Березовский (Кыргызстандын курамасынын мурдагы оюнчусу)

— Леонид Кошелев (Казакстандын курамасынын мурдагы оюнчусу)

— Хуршед Махмудов (Тажикстандын курамасынын мурдагы оюнчусу)

— Азамат Ишенбаев (Кыргызстандын курамасынын мурдагы оюнчусу)

— Канат Сардаров (Кыргызстандын курамасынын мурдагы оюнчусу)

Чабуулчу:

— Мухсин Мухамадиев (Орусия менен Тажикстандын курамасынын мурдагы оюнчусу)

— Азамат Абдураимов (Өзбекстандын курамасынын мурдагы оюнчусу)

— Садыр Жапаров ( Кыргызстандын президенти)

— Файсал Халил (БАЭ курамасынын мурдагы оюнчусу)

— Ходадад Азизи (Ирандын курамасынын мурдагы оюнчусу)