«Барселона», «Реал Мадрид» жана «Ювентус» Чемпиондор лигасынан четтетилеби?

Испаниянын «Барселона» жана «Реал Мадрид», ошондой эле Италиянын «Ювентус» футбол клубдары Чемпиондор лигасынан четтетилиши мүмкүн. Бул тууралуу euronews.com жазды.

Еuronews жазгандай, УЕФА Супер Лигадан чыкпаган клубдарга карата иш ачкан. Мындай чечим этика жана тартип маселелери боюнча инспекторлор жүргүзгөн иликтөөдөн кийин кабыл алынган. Териштирүү УЕФАнын нормативдик-укуктук базасы бузулган болушу мүмкүн деген жүйө менен жүргүзүлгөн.
УЕФАнын аларды четтетүү чечимин Спорттун арбитраждык соту колдосо, аталган 3 клуб Чемпиондор Лигасынан четтетилиши мүмкүн. Андай болгон учурда алардын ордуна «Реал Сосьедад», «Бетис» жана «Наполи» клубдары келиши ыктымал.

Эскерте кетсек, 19-апрелде Европанын бир катар алдыңкы клубдары футбол боюнча дагы бир мелдеш – Супер Лиганы түзүү чечими тууралуу билдирген. Күйөрмандардын нааразычылыгынан жана ФИФА менен УЕФАнын санкция салуу коркутууларынан кийин Супер Лигада «Барселона», «Реал Мадрид» жана «Ювентус» клубдары калган. Ушул айдын башында УЕФА 9 клуб менен тил табышканын билдирип, Супер Лиганы түзүү демилгесине кайтууну каалагандарга кандай санкциялар караларын жарыялаган.