«Барселонанын» мурдагы оюнчусу Карлес Пуйоль Кыргызстанга келди

Кыргызстанга учурундагы мыкты коргоочулардын бири – Испания курама командасынын экс-оюнчусу жана “Барселонанын” вице-капитаны Карлес Пуйоль келди.

“Манас” эл аралык аэропортунан кыргызстандык күйөрмандар “Барселона” футбол клубунун легендарлуу коргоочусу, Испания курама командасынын мурдагы оюнчусу Карлес Пуйолду тосуп алышты.

Ал Барселона» клубунун КМШдагы футбол академиясынын ачылышына катышат. Иш-чара 28-30-август күндөрүнө белгиленген.