«Башында тартындым». Мунарбек Сейитбек уулуна секундант болгон өзбек машыктыруучунун маеги

Париж Олимпиадасында мушкер Мунарбек Сейитбек уулуна секундант болгон өзбекстандык машыктыруучу Акмаль Хасанов маек берип, Мунарбек тууралуу кеп кылды.

«22 же 23-июлда кыргызстандык мышыктыруучу Мунарбек Сейитбек уулу менен келди. Аларда жалгыз мушкер болгондуктан, чогуу машыгып жаттык. Мага секундант болуу сунушу түштү. Менин өзүмдүн жетекчилигимдин макулдугусуз эч нерсе кыла албайт элем. Мени жардам берсин деп сурашты. Башкы машыктыруучу уруксат берди, мен жардам бердим. Мунарбекти 3 жылдан бери тааныйм. Анткени мелдештерде чогуу болуп калчубуз. «Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык» деп айтылат эмеспи. Биз тараптан эч ким каршы болгон жок. Башында Мунарбектен тартындым. Себеби машыктыруучусу башка, башка бала, башка өлкөнүн мушкери дегендей. 1-раундда кубалык атаандашын 5:0гө жеңди. «Мунарбек, өзбекче билесиңби?» дедим. «Сүйлөй бериңиз, түшүнөм» деди. Өзүм билген нерсени чын жүрөгүмдөн айтып берип жаттым. 

Мени ичимден Олимпиадада рингге чыгып, секундант болсом экен деп тиленчүмүн. Себеби, биздин курамдын эң жаш секунданты менмин. Ниетим кыргызстандык мушкер тарабынан аткарылганына шүгүр дедим. Эртеси эле интернетке кирсем, миңдеген каттар келиптир. Кыргызстандыктар жазып, ыраазычылыгын билдиришти. Кыргызстанда Мунарбек тарых жаратыптыр. Анын бир бөлүгү болгонума сүйүндүм. Мен жарым финалга чыгышын аябай күттүм. Жарым финалда утуп, финалга чыкканда жеңилдей түштүм. Кудайга шүгүр, эң начары коло медалга илинди дедим. Мындай учурда көп спортчулар «болду, медалга илиндим» деп өзүн таштап салат. Мен Мунарды чакырып, дагы аракет кылып коюшу керек экенин, тарых жаратарын айтып, дем берүүгө аракет кылдым. Финалда Өзбек мушкери менен беттешерин билгенде, мага кайра каттар келе баштады. «Сиз секунданттык кыласызбы?» дешти. Мен жообун так билип турдум, бирок 3 күн жооп берген жокмун. Өзбекстандан чапан, баш кийим алдырып, түшүндүрүп, видео тарттык», — деди ал.