Бэкхем үйүндө кыл жатпаган тазалык менен ооруй турганын ачыктады

Дэвид Бэкхем үйүндө кыл жатпаган тазалык менен ооруй турганын ачыктады. Ал тууралуу 47 жаштагы футболчунун жакында жарык көрө турган даректүү сериалында кенен баяндалат. Бул тууралуу Daily Mail жазды.

Сериалда атактуу футболчу уйкусуздук жана ашынган тазалык, тартиптүүлүк менен коштолгон психикалык дарттан жабыркай турганын айтып берген. Дэвид Бэкхемдин жубайы Виктория Бэкхемдин айтымында, жолдошу түнү үй жыйнайт, ашканага кирип, жуулбай калган идиш калып калбады деп текшерет, муздаткычты ачып, азык-түлүктөр өз ордунда турганын карап чыгат. Футболчу ар бир буюм өз ордунда болушу ал үчүн өтө маанилүү экенин айтып түшүндүргөн. Атүгүл, атактуу мейманканага жайгашканда да чемоданынан буюмдарды алып чыкканга чейин баарын өзү жактыргандай кылып жыйнап чыгарын айткан.