Хорватиянын Загреб шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда эркин күрөш боюнча 57 килограмм салмак категориясында күч сынашкан Бекзат Алмаз уулу экинчи орунду алып, күмүш байгеге ээ болду.
Ал 1/16 финалдык айлампада Канаданын балбаны Гаррет Саундерсту 11:0 эсебинде жеңди. Экинчи айлампада япон балбаны Рин Сакамотону 9:4 эсебинде утту. Чейрек финалда Түндүк Македониянын өкүлү Владимир Егоровду 16:5 эсебинде жеңсе, жарым финалда өзбекстандык Гуломжон Абдуллаевди 8:0 эсебинде утту. Ал эми финалдык чечүүчү беттеште учурдагы Азия чемпиону, Түндүк Кореянын балбаны Чонг Сон Ханга 9:12 эсебинде жеңилип, Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалын багындырды.