Бекзат Алмаз уулу жаштар арасында Азиянын чемпиону болду

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Бекзат Алмаз уулу Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында 57 килограмм салмак даражасында алтын медалга медалга ээ болду.
Спортчу 1/8 финалда түркмөнстандык Атажан Медетдурдиевди 10:0, 1/4 финалда монголиялык Мункх Эрдене Батхуягды 11:1 эсебинде жеңди. Жарым финалда индиялык Шубан Шубанды 15:5 эсебинде жеңип финалга жолдомо алды. Ал эми, финалдык беттеште казакстандык балбанды 8:0 эсебинде жеңип, эркин күрөш боюнча жаштар арасындагы (U23) Азия чемпиону болду.
23 жашка чейинкилер жана 17 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионаты (U-17, U-23) «Бишкек-Арена» муз аянтчасында 10-июнда башталган жана 18-июнда жыйынтыкталат.