Белгилүү чабуулчу Месси “Барселона” менен жаңы келишим түзүүгө даяр

«Барселона» клубунун спорт чебери жана чабуулчусу Лионель Месси каталониялык клуб менен келишимин дагы эки жылга узартаары белгилүү болду. Барсанын президенти Джоан Лапорта спортчу жаңы келишимдин шарттары менен таанышып чыгып макулдашу болгон-дейт El Confidencial.

Ушул сезондо Месси бардык турнирлерде 47 матч өткөрүп, анда 38 гол киргизип, 14 пас берген. Анын учурдагы келишими 30-июнга чейин жарамду.

Барселона сезонжун жыйынтыгында үчүнчү орунду ээлеген. Бирок, 16-турдагы Чемпиондор Лигасынан четтетилди.

Буга чейин, 2020-жылдын сентябрь айында Месси Барселонада калууну чечкенин жарыялаган, бирок ал клубдун жетекчилигине келишимди жаңыртуу тууралуу оюн билдирген болчу.