Белгилүү мушкер Конор Макгрегор UFC мелдешинде бутун сындырып алды

Бүгүн, 11-июль күнү Лас-Вегаста өткөн UFC мелдешинде ирландиялык мушкер Конор Макгрегор америкалык Дастин Порье менен болгон беттеште бутун сындырып алды.

Биринчи раунддун аягында беттеш учурунда Макгрегор бутун артка коюп жатып, сол бутун кайрып алган. Дарыгер анын текшерип, мушкер бутун сындырып алганын айтып, кармашты уланта албайт деп чечим чыгаргандан кийин жеңиш Порьеге берилди.

Бүгүнкү таймашта Конор Макгрегор менен Дастин Порье үчүнчү ирет беттешти. 2014-жылы биринчи беттеште Макгрегор атаандашын нокаут менен жеңип алган. Андан кийин эки мушкер быйыл январь айында беттешип, анда Порье нокаут менен жеңген.