«Билгенге алтынга тете жеңиш болду». Президент балбан Жоламан Шаршенбековду куттуктады

Президент Садыр Жапаров Норвегияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбековдун күмүш медаль алышы менен куттуктады.

«Жоламан баатыр! Дүйнө чемпионатындагы күмүш байге алышың менен куттуктайм! Билгенге алтынга тете жеңиш болду. Балбаныбыз Жоламан Шаршенбеков финалда татыктуу, бүйүр кызыткан кармаш көрсөттү. Бул чемпионатка катышып байгелүү орундарды ээлеген бардык спортчуларыбызды, аларды килемге даярдап алып чыккан машыктыруучуларды дагы бир жолу куттуктайм! Спортчуларыбыз багындырчу ийгиликтер алдыда! Өз кезегинде мамлекет ата-мекендик спортко ар тараптуу колдоо көрсөтүүсүн уланта бермекчи», — деп жазылат билдирүүдө.