«Бир жума мурун атамды жерге бердим». Бусурманкул Абдибаит уулунун кечээки жеңишинен кийинки сөзү

Бусурманкул Абдибаит уулу Казакстандын Алматы шаарында өткөн «Найза — 51» турниринде атаандашы, бразилиялык Элвис Мартинсти жеңди.

Ал жеңишинен кийин бир жума мурда атасы каза болгонун айтып, жеңишти атасына арнай турганын айтты. «Мага беттешке даярданууга өтө оор болду. Бирок менин командам менен беттешке чыгууну чечтик. Мен үчүн беттеш өтө маанилүү болду. Мен жеңишимди атама арнайм»,- деди ал.

Бусурманкул Абдибаит уулу дүйнөлүк деңгээлдеги спортчулардын катарында. WEF Global, M-1 Global, Eagle FC уюмдарында беттешип, чемпиондук кур тагынган.