17-июндан 20-июнга чейин «Арча-Бешик» конушу, Жайыл Баатыр көчөсү №66 дарегиндеги спорт-эс алуу комплексинде пауэрлифтинг боюнча Борбор Азиянын “Алтын-Барс” ачык чемпионаты өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Мелдешке бардык курактагы жана салмак категориясындагы 400 спортчу катышат. Пандемиянын шарттарына байланыштуу аралыкты сактоо  үчүн спортчулар топторго бөлүнүшөт. Спорттук иш-чара үчүнчү жолу өтүп жатат. Демилгечилер — пауэрлифтинг боюнча Азия жана Дүйнө чемпионаттарынын көп жолку жеңүүчүсү, Кыргыз Республикасынын Пауэрлифтинг федерациясынын президенти Дмитрий Дороженко жана Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы.Мелдеш Борбор Азиядагы күчтүү спортчуларды, шаардын жана республиканын курама командаларын аныктоо, ошондой эле балдардын жана жаштардын арасында сергек жашоону жайылтуу максатында өткөрүлүүдө.