Бишкек шаарында Самбо боюнча эл аралык турнир өткөрүлөт

Бишкектин “Арча-Бешик” конушундагы «Газпром-Балдарга» спорт-эс алуу комплексинде Азия чемпиону, Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси жана Кыргызстандын көп жолку чемпиону Бекболот Рахатбековдун жаркын элесине арналган самбо боюнча эл аралык турнирдин ачылышы болот.

Маалыматка ылайык, чемпионат 22-23-майда 16-18, 13-15 жаштагы балдар арасында өтөт. Мелдештер Кыргызстанда самбонун массалык өнүгүүсүн жайылтуу, спорттун чеберчилигин жогорулатуу, КМШ республикаларынын спорт командалары менен достук мамилелерди түзүү максатында өткөрүлөт.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы Самбо федерациясы жана «Бекболот Рахатбековдун» спорттук клубу менен биргеликте уюштурууда. Жеңүүчүлөр кубок, медалдар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланат. Иш-чаранын ачылышы 22-майда саат 12:00дө болот.