Бишкекке самбо боюнча Дүйнө чемпионатына 51 өлкөнүн өкүлдөрү келди

Бүгүн, 11-ноябрда Бишкек шаарында өтүп жаткан самбо боюнча Дүйнө чемпионатынын алкагында Эл аралык самбо федерациясынын президенти Василий Шестаковдун катышуусунда маалымат жыйын өттү.

Василий Шестаков Дүйнө чемпионатынын Кыргызстанда өтүп жатышы, өлкөдө аталган спорттун орду бар экендигин жана өнүгүп жаткандыгын белгиледи. “Самбонун өнүгүүсүнө Кыргызстандын жардамы чоң. Бул спорттун айрым ыкмалары кыргыз күрөштөн алынган. Кыргызстан дагы спорттун бул түрүнүн түзүүчүсү катары өзүн эсептей алат», — деди Шестаков.

Ошондой эле, чемпионатка 51 өлкөдөн 500дөн ашык спортчу катышаарын айтты. Самат Токтоналиев Кыргызстанда аталган чемпионаттын өтүп жатышы чоң сыймык экендигин белгилеп, даярдык жогорку деңгээлде экендигин билдирди.