Бишкекте 5 миң көрүүчүгө ылайыкташкан кичи аренанын курулушу уланууда

Бишкек шаарында Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 5 миң көрүүчүгө ылайыкталган кичи спорт аренасынын курулушу уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Учурда металл конструкцияларын монтаждоо, металл элементтерин ширетүү, жабылбай турган калыптарды орнотуу жана тышкы инженердик тармактарды, анын ичинде канализация жана газ менен камсыздоо түтүктөрүн төшөө иштери жүргүзүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Аренанын жалпы аянты 15 342 чарчы метрди түзүп, имарат эки кабаттан жана жер төлө бөлмөсүнөн турат.