Бишкекте Айсулуу Тыныбекованын катышуусунда спорт фестивалы өттү

Ден соолукту чыңдоо паркында Эл аралык Олимпиада күнүнө арналган спорттук фестиваль өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Иш-чараны Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева ачкан. Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменттин директору Мирлан Парханов жана Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов, борбор калаанын олимпиадалык резервдеги спорттук балдар жана өспүрүмдөр мектептеринин директорлору катышкан. Фестивалдын конокторунун арасында Айсулуу Тыныбекова да болду.

Жаштар стол тенниси, текбол ойноп, волейбол, футзал, стритбол, эстафета, балдар жеңил атлетикасы боюнча мелдештерге катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Ошондой эле стрит-воркаут боюнча спортчулардын демонстрациялык оюн-зооктору болду.

Фестиваль Кыргызстандагы олимпиадалык, дене тарбия жана спорт кыймылын активдештирүү, элди системалуу дене тарбия жана спортко тартуу, активдүү эс алууга, сергек жашоого тартуу максатында уюштурулган. Катышуучулардын жалпы саны 500дөн ашык адамды түзгөн.