Кечээ, 3-сентябрда Маданият министри Алтынбек Максутов Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркин жана грек-рим күрөшү дисциплиналары боюнча алгачкы жолу өтүп жаткан сурдо спорту боюнча дүйнө чемпиондугун ачты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Максутов өз сөзүндө грек-рим жана эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиондугу Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатканын белгилеп, кыргыз сурдо спортунун 15 жылдык тарыхы бар экенин билдирди. 2007-жылы Эл аралык Дүлөйлөр спорт кыймылынын төрагасы Дональд Амондстун колдоосу менен сурдо спорту жанданып, “Кыргыз Республикасынын дүлөйлөр спорттук кыймылы” коомдук фонду түзүлгөн.
Чемпиондукка жалпысынан 13 өлкөдөн 250 спортчу катышууда. Кыргызстандын намысын 16 балбан коргоодо. Чемпиондук 12-сентябрда жыйынтыкталат.