Бүгүн, 26-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында алыш бел боо күрөшү боюнча эл аралык Гран-при турниринин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Турнир алыш эл аралык федерациясынын негиздөөчүсү, белгилүү коомдук ишмер Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган. Ачылыш аземге Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Улукбек Өмүрбеков, чет өлкөлүк делегациялардын өкүлдөрү, ошондой эле Баяман Эркинбаевдин жакындары катышты. Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Тажикстан, Түркмөнстан, Индия жана Нидерланддар мамлекеттеринен келген 150 балбан күч сынашууда.