Бишкекте ат оюндары боюнча ачык чемпионат өтөт

Борбор калаада ат оюндары боюнча ачык чемпионат өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 12, 13 жана 14-ноябрда Элебесов көчөсү №204 а дарегинде жайгашкан «Күлүк» спорт мектебинде балдар, жаштар жана чоңдор арасында ат спорту боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты өтөт. Мелдешке 30дан ашык спортчу катышат. Катышууга 10 жаштан жогорку балдар, жаштар жана чоңдорго уруксат берилет.

Мелдештер Кыргыз Республикасында ат спортун жайылтуу жана өнүктүрүү, спорттук чеберчиликти жогорулатуу жана эң күчтүү спортчуларды аныктоо максатында өткөрүлөт. Спорттук иш-чараны Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы Ат спорту федерациясы менен биргеликте уюштурууда.