Бишкекте балбан кыздар үчүн зал курууга 800 чарчы метрлик жер тилкеси бөлүндү

Бишкекке кыз-келиндер күрөшү менен машыгуу үчүн ылайыкталган спорт зал курууга Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине жер тилке бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Малдыбаев көчөсүндөгү Массалык спортту өткөрүү жана жаштар менен иштөө боюнча «Жаштык» дирекциясынын аймагынан 40*15 метр жер берилген. Көчөт тигиле турган аймакты кошо алганда бөлүнгөн жердин жалпы аянты 800 чарчы метрди түзөт. Долбоордун баштапкы сметалык баасы 43 миллион сомду түзөт.