Бишкекте легендалардын футболу башталды. Алгачкы голду Садыр Жапаров киргизди (видео)

Бүгүн, 30-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн футбол ардагерлери беттешүүдө. Аларга мамлекет башчы дагы кошулган.

Оюндун 4-мүнөтүндө 11-номурдагы президент Садыр Жапаров алгачкы голду киргизди.