Бишкекте муай-тай боюнча Кыргызстандын чемпионаты өткөрүлөт

25-28-март күндөрү борбор калаада муай-тай боюнча Кыргызстандын чемпионаты өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган федерациядан кабарлашты.

Мелдеш Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында болот. Катышуучулар 24-марттан баштап турнир бүткөнгө чейинки аралыкта (рингге чыгарга бир күн калганда) ушул жакка келип салмакка түшүп кетиши керек.

Өлкө чемпионаты чоңдор, жаштар, өспүрүмдөр арасында өткөрүлүп, кыздар жана балдар катышат. Ар биринде онго чукул салмак каралган.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери медаль жана дипломдор менен сыйланат.

Федерация эпидемиологиялык кырдаалга байланышуу ар бир тайбоксчунун өзүнүн спорттук жабдыктары болушу керектигин белгиледи.