Бишкекте мэрдин милдетин аткаруучу баштаган веложүрүш өттү (сүрөт)

Бүгүн, 5-апрелде Бишкекте быйылкы жылдын эсебинен биринчи веложүрүш болуп өттү. Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, шаардыктар — активдүү жашоо образын сүйүүчүлөр бүгүн ден соолукту чыңдоо үчүн веложүрүшкө чыгышты. Колоннаны Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов жетектеди.

Велосипед айдоочулар жүрүштү жаңы «Адинай» сейил багынын түндүк тарабынан баштап, Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Абсамат Масалиев көчөсүнө чейин барышты. Ал жактан чыгыш тарапка Токомбаев менен Нуркамал Жетикашкаева көчөлөрүнүн кесилишине багыт алышып, ден соолукту чыңдоочу паркка кайтышты. Айланма жолдун узундугу 10 чакырымдан бир аз ашыгыраак болду.

Шаардыктардын коопсуздугу үчүн велосипед колоннасынын аралыгы 1,5-2 метрди түздү. Аларды милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери жана бир Тез жардам кызматы коштоп жүрдү.

«Жарыштын катышуучулары эмоция жана алдыдагы иш күнгө энергия алышты», — деп айтылат маалыматта.