12-апрелде Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Мелдеш 6-апрелден 12-апрелге чейин Жаштык Арена спорттук комплексинде өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Континенттик биринчиликке Азиянын 31ден ашык өлкөсүнөн 350дөн ашуун күчтүү балбандар катышып, мелдеш аймактагы маанилүү спорттук окуялардын бири болду. Кыргыз Республикасынын курама командасы татыктуу жыйынтыктарды көрсөттү:
Грек-рим күрөшү боюнча 4 алтын медаль жана командалык эсепте 2-орун;
Кыз-келиндер күрөшү боюнча 1 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль, командалык эсепте 4-орун;
Эркин күрөш боюнча 4 коло медаль жана командалык эсепте 5-орун.