Бишкекте XXV Кышкы Олимпиада оюндарына катышуучу спортсмендерди узатуу иш-чарасы болуп өттү

Бүгүн, 2-февралда Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинде 6-22-февраль күндөрү Италиянын Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарларында өтө турган XXV Кышкы Олимпиада оюндарына катышуучу спортсмендерди узатуу иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарага Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев, Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти Умбеталы Кыдыралиев, ошондой эле улуттук курама команданын мүчөлөрү Тимур Шакиров (тоо лыжасы) жана Артур Сапарбеков (лыжа жарышы), машыктыруучулар жана спорт коомчулугунун өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын алкагында Казыбек Молдажиев спортсмен Артур Сапарбековго Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусун тапшырды.

Мелдештердин программасына ылайык, Тимур Шакиров тоо лыжасы боюнча гигант слалом мелдешине 14-февралда, ал эми слалом мелдешине 16-февралда катышат. Артур Сапарбеков лыжа жарышы боюнча классикалык спринтке 10-февралда, ал эми эркин стилде (коньки тебүү ыкмасы менен) өтүүчү жарышка 13-февралда чыгат.