Бишкектеги Даңк аллеясында Антонина Шевченконун «жылдызы» пайда болду (сүрөт)

UFC мушкери Антонина Шевченконун «жылдызы» Бишкекте пайда болду. Бул тууралуу ал Instagram баракчасында билдирди.

«Мен туулуп-өскөн жана машыккан шаарда жылдызымды ачуу чоң сыймык», — деп жазды спортчу. 

Баш калаанын соода жана оюн-зоок борборлорунун биринин кире беришинде Даңк аллеясы ачылган. Бул жерде спорт, маданият, музыка, шоу-бизнес тармагындагы жетишкендиктери менен мекенин даңазалаган кыргыздын атактуу атуулдарынын жылдыздары жайгашкан.