Бивол Рамирести жеңип, чемпиондук курун коргоду

Кыргызстанда төрөлүп-өскөн, профессионал боксчу, Орусиянын эл аралык класстагы спорт чебери Дмитрий Бивол мексикалык Хильберто Рамирести утуп алды. Ал муну менен WBA версиясы боюнча жарым оор салмактагы дүйнө чемпиону титулун ийгиликтүү коргоп, профессионалдык ринндеги 21-жеңишине жетти.

Абу-Дабиде өткөн беттеш бардык 12 раунддан туруп, калыстардын 118-110 жана 117-111 эсеби менен чечилди. Мексикалык үчүн бул жеңилүү карьерасында биринчи жолу катталды. Ал буга чейин 44 беттеште 44 жеңишке жеткен.