«Бөйрөк «отказ» берип баштады, эми жашоо менен күрөшөм». «Тайсон» атка конгон мушкер карьерасын жыйынтыктады

«Тайсон» каймана аты менен белгилүү мушкер Канат Келдибеков ден соолугуна байланыштуу спорттук карьерасына чекит койгону маалым болду. Бул жаңылыгы менен ал социалдык баракчасына бөлүштү.

«Ассалому алейкум, кыргыз элим. Ар бир адам Кыргызстанга, мекениме кандай жардам кылдым деп ойлонот эмеспи. Мен да 31 жашка келгенче колдон келген жардамымды бердим. Бардык нерсенин өз убактысы болот экен. Меники да бөйрөк «отказ» берип, мындан ары өзүмдүн жашоом менен күрөшөм. Ушуну менен спорттук карьерамды жыйынтыктайм. Эми үй-бүлөгө көңүл бөлүп, үй-бүлөмдү багып жашайын», — деп сөзүн жыйынтыктаган мушкер.