Тарых жаратты! Боксчу Амантур Жумаев Дүйнө чемпиондугунда алтын алды

Кыргыз Республикасынын бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөлөрү Амантур Жумаев менен Дилербек Садиров Ереван шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда байгелүү орундарга ээ болду. Бул тууралуу Спорт департаментинен билдиришти.

52 килограммга чейинки салмакта катышкан Амантур Жумаев Өзбекстан, Германия, Орусия жана Польшадан барган атаандаштарын жеңип финалга жолдомо алган. Алтын медаль үчүн беттеште армениялык мушкерди жеңип, жаштар арасында Дүйнө чемпиону болду.

Ошондой эле 57 килограммга чейинки салмакта катышкан Дилербек Садиров ¼ финалдык беттеште румыниялык мушкерди жеңип, жарым финалдык беттеште орусиялык спортчуга жеңилип 3-орунду ээледи.