Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Үрүмчү шаарында өтүп жаткан эл аралык мелдеште 6 жеңди. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Анвар Хожиев жана Санжар Сейдакматов алтын медаль жеңип, мелдештин жеңүүчүлөрү болду. Ислам Төрөбаев, Мирзахид Имамназаров, Сагын Сатыбалды уулу жана Бакыт Токтосун уулу коло байгеге татышты. Ал эми Алмаз Орозбеков алтын байге үчүн күч сынашат.