Борбор Азиянын жаштар арасындагы чемпионатынын салтанаттуу жабылуу аземи өттү

12-июль күнү Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» стадионунда Борбордук Азиянын футбол ассоциациянын жаштар чемпионатынын финалы орун алып, анда Кыргызстандын жана Ирандын курамалары кез келген.
Финалдык беттештен соң стадиондо турнирдин масштабдуу жабылуу аземи орун алды. Аземдин башында оюн талаасына Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Максим Лисицын кубокту алып чыкты. Андан соң, оюн талаа үстүнө кыргыз шырдагынын түспөлү түшүрүлүп, мелдешке катышкан алты өлкөнүн желеги орун алды. Атайын шоу-программа JAX ырларынын коштоосунда өттү.
Кубок өз ээлерине Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиевдин колунан тапшырылды.