Brave CF чемпиону болгон Немат Абдрашитовду аэропорттон тосуп алышты

Бүгүн, 26-июнда аралаш мушташ боюнча Brave CF чемпиону болгон Немат Абдрашитовду «Манас» аэропортунан тосуп алышты. Ал бул жеңиши менен аталган уюмдун экинчи алтын курун Кыргызстанга алып келди.

24-июнга караган түнү Бахрейнде өткөн беттеште кыргыз мушкери Немат Абдрашитов жеңил салмактагы дүйнө чемпиону аталды. Анын беттештеги атаандашы Brave CF уюмунун учурдагы чемпиону Роман Богатов болду. Алардын кармашы беш раундга созулуп, калыстардын чечими менен жеңиш кыргызстандыкка ыйгарылды.

Немат Абдрашитова Brave CF уюмунун чемпиону болуп, Абдисалам Кубанычбек уулунан кийинки дүйнө чемпиону болгон экинчи кыргызстандык болду.