«Бул ыкма менен эл аралык мелдеште медаль уткам» деген Айсулуу Тыныбекова Жасминге жолукту

Спортчу Айсулуу Тыныбекова күрөшү менен кыргыз элин багындырган Жасмин аттуу кыз менен жолукту. Тыныбекова Instagram баракчасына экөөнүн түшкөн сүрөтүн жарыялады. 

Учурда Айсулуу Тыныбекова Талас облусунда жүрөт.

3-сентябрда Тыныбекова «бул ыкма менен эл аралык мелдеште медаль уткам» деп издеп жүргөн кызды таап, аны менен онлайн сүйлөшкөн. Ал 9 жаштагы Жасминге ийгилик каалап, келечеги алдыда экенин айткан. Толкунданып жаткан Жасмин көзүнө жаш алып, спортчу менен жолуккусу келип, андан ыкмаларды үйрөнүүнү каалап жатканын жашыра алган эмес.

Ал эми СуперТВ телеканалы Жасмин менен маектешип, алдыдагы ойлору, пландары тууралуу сүйлөшкөн эле.