Бусурманкул Абдибаит уулу атаандашы Расул Магомедовго утулуп калды

Кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу Бишкекте өткөн EAGLE FC турниринде орусиялык атаандашы Расул Магомедовго утулуп калды.

Беттеш 48:47 эсебинде Магомедовдун жеңиши менен аяктап, ал чемпиондук наамга ээ болду.

Эске салсак, кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу президенти Хабиб Нурмагомедов болгон EAGLE FC уюмунун чемпиондук наамынан салмагы туура келбей ажыратылган.