Бусурманкул Абдибаит уулу чемпиондук титулунан ажыратылды

Кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу президенти Хабиб Нурмагомедов болгон EAGLE FC уюмунун чемпиондук наамынан ажыратылды.

Бүгүн, 10-августта Бишкекте EAGLE FC 49 турнири өтөт. Турнирдин негизги беттешинде Абдибаит уулу орусиялык Расул Магомедов менен беттешип, чемпиондук титулун коргошу керек болчу. «Кыргызстандык 1,4 килограмм ашыкча салмак көрсөтүп, жеңил салмактагы (65,8 кг) категорияга чыга алган жок. Лиганын эрежелерине ылайык, ал чемпиондук курдан ажырайт», — деп айтылат лиганын билдирүүсүндө.

Беттеш болот. Эгер орусиялык жеңсе, ал бул дивизиондун жаңы лигасынын чемпиону болот. Кыргызстандык жеңсе, кур бош калат.