Машыктыруучу: «Бутунан жаракат алган Айсулуу Тыныбекова эки аптада калыбына келет»

«Айсулуу Тыныбекова Азия чемпиондугунда бутунан жаракат алды. Медициналык кароолордон өткөрдүк». Бул тууралуу анын машыктыруучусу Нурбек Изабеков маалымат жыйында билдирди.

«Эки жуманын ичинде калыбына келет. Бүгүнкү күндө башка булчуңдарын машыктырып жатат. Кайрадан эле машыгууда. Спортчу бир жеринен жаракат алса, башка булчуңдарын машыктыра беришет. Бул спортчулар үчүн мыйзам ченемдүү нерсе», — деди ал.