Бүгүн беттеш! «Бул оюн биздин өлкө үчүн маанилүү» дейт Ташиев

Бүгүн, 6-июндагы Кыргызстан — Малайзия футбол боюнча Улуттук курама командалардын беттеши алдында, кечээ, 5-июнда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда Кыргызстан курамасынын расмий машыгуусу орун алды.

Машыгуунун старты алдында Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев оюнчулар менен жолугуп, алдыдагы беттешке ийгилик каалап өттү. «Эртең баарыбызды абдан маанилүү оюн күтүп жатат. Сиздердин оюнуңуздар футбол сүйүүчүлөрүнө өлкөбүздөгү футболдун жаркын келечеги бар деген үмүтүн берет. Азыр бардык өлкөнүн сиздерге көз салып турган кези. Андыктан, эртеңки оюнда жеңишке жетип, Азия Кубогунун жолдомосуна ээ болуп, Дүйнө Чемпионатынын кийинки раундунда өтөбүз деп үмүттөнөм», — деп белгиледи өз сөзүндө КФБ жетекчиси.