Бүгүн эгемендүүлүк тарыхтагы жаңыдан курулган алгачкы футбол стадиону ачылат

Бүгүн, 26-апрель күнү Чүй облусунун Беш-Күңгөй айылында жаңыдан курулган «Достук Арена» футбол стадионун ачылыш аземи орун алат.
Бул ийри инфратүзүм обьектиси Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн тарыхында толугу менен жаңыдан тургузулган алгачкы футбол стадиону болуп саналат. Ачылыш азем Кыргыз Республикасынын Премьер-Лигасынын 7-туру алкагындагы «Талант» – «Алга» футболдук клубдарынын беттеши менен уланат. Ачылыш аземдин башталышы – 18:00, оюндун старттык ышкырыгы саат 20:00до жаңырат. Салтанаттуу иш-чара белгилүү ата-мекендик эстрада жылдыздардын катышуусундагы концерттик программа менен коштолот. Президент Садыр Жапаров ачылыш аземге катышып, алгачкы жолу ата-мекендик чемпионатынын беттешине күбө болот.