Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курамы Непалдагы мелдешке катышат

Бүгүн, 22-мартта өлкөнүн олимпиадалык курамы Непалда башталуучу «Үч улуттун кубогу» мелдешине катышат. Бул туралуу футбол союзунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеште Кыргызстан, Бангладеш жана Непал командалары таймашат. Турнир айлампа системасы боюнча жүрүп, тайпадагы командалар бири-бири менен ойноп чыгышат. Эки мыкты команда финалда ойнойт. Беттештердин баары Катманду шаарындагы «Дашаратх Рангасала» стадионунда өтөт.

«Бул олимпиадалык курама команда быйыл Азия чемпионатынын тандоо оюндарына катышат. Ошондуктан биз аны сынап көрүүнү чечтик. Мындай мелдештер команданын тактикалык жана практикалык жактан даярдыгы үчүн маанилүү. Бул Олимпиада оюндарына тандоого таасирин тийгизбеген жергиликтүү турнир», — деп айылат кыргыз футбол союздун маалыматында.