Бүгүн, 28-февралда Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан MUHAMET MALO-2026 эл аралык рейтингдик турниринин алкагында Кыргызстандын намысын төрт спортсмен коргойт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча:
• Нурзат Нуртаева (72 кг);
• Айпери Медет кызы (76 кг) коргойт.
Грек-рим күрөшү:
• Афтандил Таалайбек уулу (63 кг),
• Баяман Каримов (67 кг) күч сынашат.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да башталат.