Футзал боюнча Кыргызстандын аялдар курама командасы 2025-жылдагы CAFA Women’s Futsal Championship чемпионатынын жыйынтыгы боюнча үчүнчү орунду ээледи.
Футзал ассоциациясы билдиргендей, кыргызстандык кыз-келиндер «Fair Play» сыйлыгына татыктуу болушту.
1-орун — Иран (12 упай)
2-орун — Өзбекстан (7 упай)
3-орун — Кыргызстан (5 упай)
4-орун — Түркмөнстан (4 упай)
5-орун — Тажикстан (0 упай)